Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев белгилүү кыргыз кинорежиссеру Болот Шамшиевдин каза болгонуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин akorda.kz сайты жазды.
- Болот Төлөнович дүйнөлүк кино искусствосуна эбегейсиз из калтырды. Ал эки элдин ынтымагынын бекемделишине чоң салым кошту. Болот Шамшиевдин аты эсибизде түбөлүк сакталарына ишенем, - деп айтылат телеграммада.
Касым-Жоомарт Токаев Болот Шамшиевдин жараткан эмгектери эки элдин орток маданий байлыгы болуп калганын белгилеген.
Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан.