Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Жээнбеков: Болот Шамшиев эмгектери менен өзүнө эстелик тургузуп кетти


Болот Шамшиев.
Болот Шамшиев.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-декабрда, кинорежиссер Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу көңүл айтуу кайрылуусун жолдоду.

Мамлекет башчысынын кайрылуусун президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев окуду.

«Бүгүн СССРдин Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси, залкар режиссер Болот Шамшиевди түбөлүк сапарга узатып жатабыз. Ал керемет кинотасмаларды тартып, Советтер Союзунда гана эмес, эл аралык деңгээлде да таанылды. Болот Шамшиевдин чыгармалары — кыргыз киносунун өзгөчө бир доорунун ажырагыс бөлүгүн түзөт. Болот Шамшиевдин режиссердук таланты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу толук ачылып, ал 20-кылымдын киноклассиктеринин бири болуп калды», - деп айтылат президенттин сөзүндө.

Жээнбековдун кайрылуусунда Болот Шамшиев кыргыз тарыхын жана "Манас" эпосун терең изилдөөдө да олуттуу иштерди аткарганы белгиленет.

«Болот Шамшиев залкар кинорежиссер гана эмес, көптөгөн актерлордун талантын, алардын ички дараметин ачкан көрөгөч жетекчи болгон. Ал Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келген. Сүймөнкул Чокморовдун актердук улуу талантын ачкан. Советбек Жумадыловду, Орозбек Кутманалиевди кино дүйнөсүнө тартып, чоң кино жылдызына айландырган. Болот Шамшиев мамлекеттик жана коомдук ишмер катары да үзүрлүү эмгек өтөгөн. Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты болгон. Туризм жана спорт агенттигинин директору, элчилик кызматтарды аркалаган. Ал өмүрүнүн соңку жылдары бир нече сценарийлерди, 10дон ашык кино долбоорлорду, үч чоң китепти жазды. Жакында эле мени менен жолугуп, өзүнүн жаңы идеялары менен тааныштырган. Чыгармачылык пландары арбын эле. Мамлекет тарабынан улуу сүрөткерибиздин эмгеги жогору бааланып, III, II даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланды. Эң негизги сыйлыгы - элибиздин терең урматына татыды. Болот Шамшиев бул дүйнөдөн кетсе да, ал жасаган эмгектери менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кетти», - деп белгилейт Сооронбай Жээнбеков.

Белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев менен коштошуу жөрөлгөсү 24-декабрда Опера жана балет театрында өттү. Таанымал кинорежиссер, Эл артисти Болот Шамшиев 21-декабрда дүйнөдөн кайткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG