Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 26-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:36

Ошто каракчылык менен алектенген өзбек жараны кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун аймагында каракчылык жана тоноочулук менен алектенген, коңшу өлкөнүн жарандарынан турган топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Мекеме кабарлагандай, 21-ноябрда аталган облустун Өзгөн районунун Куршаб айылында 40 жаштагы тургундун үйүнө беткапчан төрт адам кирип, үйдүн ээсин, жубайын жана төрт баласын байлап коркуткан.

Алар үйдөгү болгон акчаны, зер буюмдарды, «Самсунг» жана «Айфон» үлгүсүндөгү телефондорун тоноп, үй ээсине таандык «Хонда-СРВ» үлгүсүндөгү автоунааны да айдап кеткен.

Факт Жазык кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Натыйжада Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү менен Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Өзбекстандын Анжиян облусунун 26 жаштагы (В.А) тургунун колго түшүрүштү. Жабырлануучунун автоунаасы да табылды.

Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү изделип жатат. Тергөө уланууда. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (4)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG