Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Хабаровск крайында Су-57 аскердик учагы кыйрады


Орусиянын Су-57 аскердик учагы.
Орусиянын Су-57 аскердик учагы.

Орусиянын Хабаровск крайында Су-57 үлгүсүндөгү кыргын салуучу аскердик учагы сыноо маалында кулап түштү. Анын бортундагы учкуч учактан чыгып кеткенге үлгүрдү. Авария Комсомольский-на-Амур аймагынан 120 алыстыкта орун алды. Учак жергиликтүү авиазаводго таандык болчу. "РИА Новости" маалымат агенттиги ошол маалда учактын кыймылдаткычы сыналып жатканын жазды.

"Baza" телеграм-каналынын маалыматы боюнча, издеп-иликтөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүн аралаштырбай коюшту. "Интерфакс" мындай үлгүдөгү учактар ушул жылдын аягына чейин Коргоо министрлигине өткөрүлүп берилгени жатканын кабарлады.

Су-57 (заводдогу аталышы Т-50) көп максаттуу, бешинчи муундагы истребитель жана ал Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө пайдаланууга бериле элек. Мындай аскердик учактарды Комсомольский-на-Амурдагы Гагарин атындагы заводу курайт жана анын Коргоо министрлиги менен ири мамлекеттик келишими бар.

XS
SM
MD
LG