Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 22-январь, 2020 Бишкек убактысы 05:59

Түндүк Корея маселесинде үч өлкө биргелешип иш алып барат


Түндүк Кореянын лидери

Кытайдын, Түштүк Кореянын жана Жапониянын лидерлери Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу үчүн биргелешип аракеттенүү тууралуу макулдашты. Бул тууралуу Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян 24-декабрда Чэнду шаарында үч тараптуу жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында билдирди. Анда бул үч өлкө Пхеньяндын атомдук программасына байланыштуу кызматташууну улантарын, маселе тынч сүйлөшүү жолу менен гана чечилет деп эсептешерин белгиледи.

Мунун алдында Түндүк Корея өзүнүн Сохэ полигонунда алыскы аралыкка атыла турган ракетасын “ийгиликтүү” сынаганын жарыялаган. Бул Пхеньян АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясына басым коюп жаткан учурга туш келген. Анда мамлекет башчы Ким Чен Ын өзөктүк курал боюнча токтоп калган сүйлөшүүлөрдү бүтүрүү үчүн жыл аягына мөөнөт койгон.

Ким өткөн жылы Пхеньянда Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен өткөн саммитте ортодогу ишеничти бекемдөө үчүн Сохэ аянтчасын жабууга макул болгон.

Трамп менен үч жолку жолугушуудан кийин да санкциялар алынбагандан кийин Пхеньян эгер Вашингтон жыл соңуна чейин макулдашууга келбесе, “жаңы жылга жаман белек” болорун убада кылган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG