Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Бишкек-Ош жолунда жети куткаруучу нөөмөттө турат


Бишкек-Ош жолунун 154-чакырымында, тактап айтканда Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айылында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу бөлүмү ачылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Куткаруу бөлүмү Бишкек–Ош жолунда өзгөчө кырдаал же авария учурунда куткаруу иштерин жүргүзүү максатында түзүлдү. Бул бөлүмдө министрликтин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун жети куткаруучусу нөөмөттө турушат. Аларда "Ниссан пикап" үлгүсүндөгү авариялык-куткаруу автоунаасы жана керектүү шаймандары бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG