Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Ооганстанда талибдер 27 активистти кармап кетишти


Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү. (Иллюстрация)
Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү. (Иллюстрация)

Ооганстандын Фарах провинциясында талибдер "Элдин тынчтык кыймылы" аттуу уюмдун 27 мүчөсүн кармап кетти. Ок атышууну токтотуу чакырыгы менен жер-жерлерде жүрүш өткөрүп жүргөн активисттер Бала-Булук районунда туткунга түшкөнүн уюмдун жетекчилиги билдирди. Фарах провинциясынын полициясы да мындай окуя болгонун ырастап, иликтөө иштери башталганын маалымдады.

Уюмдун башчысы Икбал Хайбардын айтымында, окуя 25-декабрда активисттер коңшу Герат провинциясынан келе жаткан маалда болгон. "Талибан" кыймылы азырынча бул окуя тууралуу үн ката элек.

Өздөрүн бейтарап уюм катары мүнөздөгөн "Элдин тынчтык кыймылы" Ооганстандын аймактарында тынчтыкты орнотууну максат кылган иш-чара, жүрүштөрдү өткөрүп келет. Былтыр бул кыймылдын өлкөдө зомбулуктун курмандыктары кескин көбөйүшүн айыптаган жүрүштөрү эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурган.

Талибдер ушуну менен төртүнчү жолу аталган кыймылдын мүчөлөрүн барымтага алып жатат. Быйыл июнь айында уюмдун дагы 25 мүчөсү талибдердин туткунуна түшүп, бир нече күндөн кийин бошотулган.

XS
SM
MD
LG