Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Жээнбеков: Атамбаев өзүн да, мени да туңгуюкка кептеди, маселе эми менин колумда эмес (видео)


Архивдик сүрөт. Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековго президенттикти расмий өткөрүп берип жаткан учур.
Архивдик сүрөт. Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековго президенттикти расмий өткөрүп берип жаткан учур.

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев туш болгон тагдырына жеке өзү жоопкер деп эсептейт. Мындай пикирин президент 25-декабрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда билдирди. “Мурдагы партиялашыңыз кептелген абал сизди түйшөлтпөйбү?” деген суроого Жээнбеков:

- Президент болгондон бери канча айтса да мен бир да сөз айткан жокмун. Себеби мага мамлекеттин, элдин тынчтыгы, биримдиги, бүтүндүгү абийиримен да, тагдырыман да бийик турат. Көңүл бурган жокмун, өзүңөр көрүп жаттыңар. Мамлекетти экиге бөлгөнгө, бийликти басып алганга чакырыктар болуп жатты. Баарына чыдадым, “эми токтоор” деп күттүм. Бирок аягында өзүн да, мени да, мамлекетти да туңгуюкка алып келип салды. Маселе эми мыйзам чегинде чечилет. Ал азыр менин колумда эмес. Ага чейин экөөбүздүн колубузда болчу. Парламент саясий баасын берди, ага кошумча айта албайм. Бул маселе менин да жүрөгүмдү оорутат, ойлонтот, оңой эмес. Мен эми бир топ адамдардын эмес, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын коргоого өттүм. Келечекте мени эмне күтөт, Кудайдын колунда, -деп жооп берди.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарды. Быйыл ал коррупция үчүн айыпталып камакка алынды. Мындан тышкары Атамбаев аны кармоо учурунда каза болгон офицердин өлүмү үчүн да шектүү аталды.

Мурдагы президенттин жактоочулары ага коюлган айыптар негизсиз экенин айтып келишет. Алардын пикиринде, бийлик Атамбаевге карата саясий куугунтук жүргүзүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG