Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Руслан Акматбек: президент көп суроолорго так жооп берген жок


Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек президент Сооронбай Жээнбеков жылдык пресс-конференциясында көп суроолорго так жооп берген жок деп эсептейт:

- Мамлекет башчыдан үмүттөндүргөн, шыктандырган, жаркын келечектин сүрөтүн тарткан сөздөрдү уга албадым. Элди кызыктырган көп суроолор бар эле. Коррупция, сот реформасы сыяктуу адамдардын көбүн нааразы кылган маселелерге байланыштуу берген жооптору мени ынандыра албады. Конкреттүү пикир билдирбей, жалпылап эле сүйлөп туруп алды. Жээнбеков бийликке келген биринчи жылы "макул, эми көнүп жатат" дедик. Эки жыл өтпөдүбү, ал кишинин багыты, көз карашы так болуп калышы керек эле, бирок ал сезилбеди.

Руслан Акматбек бийлик мамлекетти санариптештиребиз деп убада берип жаткан учурда президенттин басма сөз жыйынын уюштуруу эски ыкмада өткөнүн да сындады.

Мамлекет башчыга ким суроо узатарын президенттик аппараттын Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева "кол көтөрүү" ыкмасы менен тандап, сөз берди.

Мамлекет башчынын 2019-жылды жыйынтыктаган басма сөз жыйыны "Ала-Арча" резиденциясында 25-декабрда өттү. Ага 90дон ашуун медиадан 188 кабарчы катышты. Үч саатка созулган жыйында бир топ журналисттер суроо узатууга жетишпей калышты.

Президент сот реформасы, коррупция, социалдык маселелер жана башка багыттагы суроолорго үч саат аралыгында жооп берди.

XS
SM
MD
LG