Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовдун ишин жеке көзөмөлүндө кармоодо. Бул тууралуу ал 25-декабрда жыл жыйынтыгына арналган пресс-конференцияда «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып айтты.
Мамлекет башчысы сот-укутук системанын ишин жакшыртууга каражат жетиштүү бөлүнүп жатканын, бирок судьялардын жеке абийири да маанилүү экенин белгиледи:
- Мен муну прокуратуранын жыйынында да, соттордун 95 жылдыгында да айттым. Бир адамдын кылган иши менен бүт сот бийлигине доо кетти. Ошол схеманы табыш үчүн, ал адамды кармаш үчүн Коррупцияга каршы кызмат канча иштеди! Паракорду кармаш оңой эмес да. Эми соттор чыгарып, Алмаматовду издеп жатабыз. Менин көзөмөлдүмө турат. Бүт издеп, таппай жатышат. Азыр ошонун сотун да четтетип коюшту. Прокурорду да карагыла дедим. Жакында Башкы прокурор менен жолугуп, отчет алам бул боюнча. Бул жерде прокурор күнөөлүү көбүнчө.
Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы, коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, сот жообуна тартылган Алмаматовду издөө уланып жатканын буга чейин Бишкектин Октябрь райондук милициясы кабарлаган.
Ал Жогорку соттун 30-октябрдагы токтомуна ылайык кайра абакка камалышы керек болчу. Алмаматовду камакка алыш үчүн жашаган дарегине барган милиция кызматкерлери аны тапкан эмес.
Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, атайын видеотасманы да жарыялаган.
Бишкектин Октябрь райондук соту быйыл 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен эркиндикке коё бергени белгилүү болгон. Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылган.
Жогорку соттун 30-октябрдагы токтому менен ага карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган. (BkA)