Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Жээнбеков: Бекназаровду элчиликке мен сунуштагам, жакшы иштеп берет деп ишенем (видео)


Азимбек Бекназаров. Архивдик сүрөт.
Азимбек Бекназаров. Архивдик сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков саясатчы Азимбек Бекназаров элчилик кызматта үзүрлүү иштейт деп ишенет. Бул тууралуу ал 25-декабрда Бишкекте жыл жыйынтыгы боюнча өткөн пресс-конференцияда айтты.

Мамлекет башчысы Бекназаровго кызматты өзү сунуш кылганын, “ушунча жыл оппозицияда жүрдүң, эки революциянын башында турдуң, ушул энергияңды мамлекетке иштеп бер” деп айтканын билдирди.

- Менин сунушум болду. Малайзияга барып жакшы иштеп берет деп ишенем. Кыргызстандын тарыхында эл арасынан суурулуп чыгып, өз оюн элге жакса, жакпаса да айтып жүргөн адамдарды билем. Мисалы, эгемендиктин алгачкы жылдарында Топчубек Тургуналиев, Турсунбек Акун, Жыпар Жекшеев болгон. Мен аларды сыйлайм. 2000-жылдары алардын катарына Бекназаров кошулду. Ал тарыхый инсан. Алардын тагдыры оңой болгон жок.

17-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Малайзияга элчиликке Азимбек Бекназаровдун талапкерлигин жактырды. Жабык өткөн жыйында анын талапкерлигине 12 депутат «макул», бир депутат «каршы» добуш берди.

Бекназаров буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген. (BkA)

XS
SM
MD
LG