Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:27

Гонконгдо демонстранттар менен полиция кайрадан кагылышты


Полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду, 24-декабрь, 2019-жыл.
Полиция демонстранттарга каршы көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду, 24-декабрь, 2019-жыл.

Кытайга баш ийген Гонконгдо Рождествонун алдында миңдеген демонстранттар кайрадан көчөгө чыгышты. Митингчилердин бир бөлүгү соода борборлорун ээлеп алышса, айрымдары туристтер көп жүргөн райондорго топтолушту. Акцияга катышкандардын арасында Санта Клаустун шапкесин жана бугунун мүйүзүн элестеткен баш кийимдерди кийип алгандары болду.

Бир катар райондордо митингчилер менен полиция кагылыша кетти. Коопсуздук кызматкерлери демонстранттарга каршы желим ок жана көздөн жаш чыгаруучу газ колдонду. Бирок кадимки куралдан ок атылган жок.

“Бул биз үчүн кубана турган күн болсо да айрымдар түрмөдө отурушат. Кайсы бирин кармап кетип жатышат. Алар бул күндү майрамдай албай калышты. Менимче, биз биздин күрөш токтоп калбаганын, улана берерин башкаларга жеткиришибиз керек”, - деди демонстранттардын бири Мэри.

Полиция Рождествого караган түнү митингчилер бир банктын кеңсесин талкалап, ага өрт коюп кеткенин билдирди. Кытайдын мамлекеттик телеканалы Гонконгдогу нааразылык бизнеске кедергисин тийгизгени, Рождество маалында көп дүкөндөрдө соода жакшы болбогону тууралуу маалымат таратты.

Бээжинге баш ийген Гонконгдогу каршылык акциялары башталганына жарым жылдан ашты. Басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн миңдеген адамдардын көчөгө чыгышына кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон. Ал документ артка чакыртылганы менен бийликке каршы нааразылык толкуну токтогон жок.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген.

XS
SM
MD
LG