Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 04:33

Эл аралык институттар Рогун ГЭСинин курулушун каржылоого кызыгууда


Эл аралык каржы институттары Рогун ГЭСин куруп бүтүрүүгө катышуу боюнча Тажикстанга бир катар сунуштарды жөнөтүштү. Бул тууралуу Тажикстандын финансы министри Файзиддин Каххорзода билдирди.​

- Бүгүнкү күндө Рогун ГЭСин бардыгы билет, көпчүлүк каржы уюмдары объектти каржылоого катышуу сунуштары менен кайрылышты. Биз Ислам өнүктүрүү банкынын бир катар түзүмдөрү, ошондой эле Европа өлкөлөрүнүн каржы институттары менен иштешип жатабыз, - деди министр.

Анын айтымында, өлкө насыя бере турган каржы түзүмдөрүнүн пайыздарын салыштырып көрүп, эң ылайыктуусун тандап алат.

Буга чейин тажик бийлиги эл аралык каржы уюмдары Рогун ГЭСинин курулушуна дээрлик кызыкпай жатканын билдирген. Быйыл июль айында Улуттук банктын төрага орун басары Жамолиддин Нуралиев адатта эл аралык каржы институттары долбоорлорду башынан каржылай турганын, көп жылдардан бери курулуп жаткан Рогун ГЭСинин курулушун каржылоого көбү кызыкпаганын айткан.

Учурда Тажикстан Рогун ГЭСин өз каражатына куруп жатат. Өлкөнүн Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы бул долбоорго бюджеттен 2 миллиард 100 миллион сомони (22 миллион доллар) бөлүнгөн.

Бүгүнкү күндө Рогун ГЭСинин эки агрегаты өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык системасына кошулуп, электр энергиясын иштеп чыгууда. Белгиленген долбоорго ылайык, ГЭСтеги алты агрегаттын экөө убактылуу орнотулган. Алар 2021-жылга чейин иштеп, андан соң башкасына алмаштырылат.

Рогун ГЭСин куруу долбоору совет мезгилинде эле даярдалган, бирок өлкөдөгү жарандык согуштан улам курулушу башталган долбоор токтоп, 2016-жылы гана улантылган.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG