Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Малайзияга жана Бириккен Араб Эмираттарына элчилер дайындалды


Кыргызстандын желеги.

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укутуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 26-декабрда кол койду.

Ушул эле күнү кол коюлган дагы бир жарлыкка ылайык, Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарына атайын жана ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалды.

Бекназаров буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр кызматын аркалаган.

Жумабаев мурда Кыргызстандын Сауд Арабиядагы, Египеттеги жана Түштүк Африкадагы элчиси кызматында иштеген. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG