Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:00

Ошто ӨКМдин агенттигинин башчысын атып кетишти


Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" агенттигинин башчысы Сапар Бакыевди атып кетишти. Аны ким өлтүргөнү азырынча белгисиз.

Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, сөөгүн 25-декабрда кечинде өзү жашаган Озгур конушунан "Тез жардам" менен алып келишкен.

Маркумду башка атышкан. Ал жашаган үйдөгү сарайдын алдынан уюган кандын изи жана белгисиз октун гильзасы табылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө башталды.

Сапар Бакыев 35 жашта, үй-бүлөлүү, эки уулдун атасы. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (16)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG