Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Украинада Жогорку Раданын 81 депутатынын айлыгы кыркылды


Жогорку Рададан тартылган сүрөт
Жогорку Рададан тартылган сүрөт

Украинанын Жогорку Радасынын 81 депутаты ишке келбегени үчүн ноябрь айындагы айлыгын толук албайт. Алардын арасында мурдагы президент, азыркы депутат Петро Порошенко, "Эл кызматчысы" партиясынын башчысы, ушул аталыштагы фракциянын төрагасынын орунбасары Александр Корниенко да бар.

ТАСС агенттиги Раданын маалымат башкармалыгына таянып билдиргендей, аларга төлөнө турган 3 миллион гривен же 125 миң доллар берилбей турган болду. Тийиштүү буйрукка Жогорку Раданын башчысы 13-декабрда кол койгон. Украинада депутаттардын айлыгы 30 миң гривенди (1250 доллар) түзөт.

12-сентябрда Жогорку Рада ишке келбегени үчүн депутаттардын айлыктарын кесүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алган.

XS
SM
MD
LG