Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

Өкмөт башчы журналисттерге каршы арыз жазууну туура эмес деп эсептейт


"Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы доо арыз – талаштуу маселени жөнгө салуунун жалгыз жолу эмес". Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 26-декабрда Бишкекте журналисттер менен жолукканда айтты.

"Тараптар маселени чечүүнүн альтернативдик шарттарын табууга аракет кылышы керек. Кыргызстандагы сөз эркиндиги – бул маанилүү жетишкендиктерибиздин бири. Биздин өлкө сөз эркиндиги боюнча аймактагы лидер болуп эсептелет. Бул - талашсыз факт. Биздин күчүбүз ачык-айкындуулукта. Биз эч нерсени жашырбайбыз жана кандай гана тема болбосун ачык талкуулаганга, далилдерди келтирүүгө даярбыз. Бизде мунай жана газдын ири камы жок, бирок биздин эркиндикти сүйгөн, демократиялуу коомубуз, сөз жана тандоо эркиндигибиз бар", - деди өкмөт башчы.

Премьер-министр бул күнү айрым журналисттер менен Жаңы жыл жана 7-ноябрда белгиленген Басма сөз күнүнө карата куттуктоо үчүн жолукту.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, анын бир тууганы, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимов жана алардын жубайлары 9-декабрда Кыргызстандагы үч медианы сотко берген.

Соттун кезектеги отуруму 2020-жылдын 20-январында болот. Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун, кабарчы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарына жалпы өлчөмү 60 миллион сом доо койгон.

Аталган маалымат каражаттары жарыялаган макала-баяндарында «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» белгиленип, моралдык чыгым өндүрүү жөнүндө талап коюлган. Анын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка койгон. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер кайра камактан чыгарылган. (SE)

XS
SM
MD
LG