Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:08

Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште дагы каралбай калды


Кыргызстандын улуттук футбол командасынын айрым оюнчулары машыгуу учурунда.
Кыргызстандын улуттук футбол командасынын айрым оюнчулары машыгуу учурунда.

Бишкек шаарында Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште 26-декабрда да каралбай калды. Депутаттар бир күнгө тыныгуу алды.

"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Асылбек Кадыралиев бул иш чечилмейинче, шаардык кеңеште башка маселе каралбай турганын билдирди.

Кыргызстандын Футбол федерциясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев Бишкекте Футбол борборун куруу маселеси чечилбесе, улуттук курама баш калаада мелдештерге чыгуудан баш тарта турганын билдирди.

Шаардык кеңеште Футбол борборун курууга жер бөлүү маселеси эки күндөн бери талкууланып, аягына чыкпаган соң футболчулар ушундай чечимге келген.

Калаа бийлиги үч жер тилкесин сунуштаган. 25-декабрдагы жыйында Футбол федерациясы ал жерлер Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан гранттын талабына жооп бербей турганын айткан.

Маселе 31-декабрга чейин чечилбесе, FIFA 3,5 миллион доллар грантты башка мамлекеттерге берет.

Мэрия учурда маселенин юридикалык-техникалык жагын талкуулап жатканы кабарланган. (GT\SE)

XS
SM
MD
LG