Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Ооганстан: талибдер кармап кеткен активисттер бошотулду


"Элдин тынчтык кыймылынын" өкүлдөрү.
"Элдин тынчтык кыймылынын" өкүлдөрү.

“Талибан” кыймылы Ооганстандын батышында кармалган 27 активистти 45 сааттан кийин кайра бошотту. "Элдин тынчтык кыймылы" уюмдун бардык өкүлүнүн саламаттыгы жайында экенин 26-декабрда билдирди. Бирок активисттер эмне себептен кармалганы же кандай талаптар коюлганы тууралуу маалымат берилген жок. Бул окуя боюнча талибдер да үн ката элек.

"Элдин тынчтык кыймылынын" 27 мүчөсү 25-декабрда Герат провинциясынан келе жаткан маалда барымтага алынган. Өздөрүн бейтарап уюм катары мүнөздөгөн бул кыймыл Ооганстандын аймактарында тынчтыкты орнотууну максат кылган иш-чара, жүрүштөрдү өткөрүп келет.

Талибдер ушуну менен төртүнчү жолу аталган кыймылдын мүчөлөрүн туткунга алып жатат. Быйыл июнь айында уюмдун дагы 25 мүчөсү талибдердин колуна түшүп, бир нече күндөн кийин бошотулган.

XS
SM
MD
LG