Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Чыныбай Турсунбеков: өлкөгө ыңкылаптар керек эмес


Парламенттин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков КТРКдан чыккан "Парламентаризм сабактары" көрсөтүүсүндө шайлоонун акыйкатсыз өтүшү элдик толкундоого себеп болоорун белгилеп, саясий топтор шайлоо мыйзамдары боюнча бир пикирге келиши керектигин айтты.

- Коомдун өнүгүшү үчүн ыңкылаптардын кереги жок. Тилекке каршы ыңкылаптар болуп кетти. Аны болтурбашыбыз керек деген суроо дайым күн тартибинде турат. Бул суроо шайлоого барып такалат. Парламенттик шайлоо анын негизгиси. Азыр кырдаал кандай? Ачыгын айтыш керек талкуулар болуп жатат. Ал талкууларда 3, 5, 7, 9% деген шайлоо чеги айтылып жатат. Демек, коомчулукта бир кылка пикир жок. Мындан сөзсүз мунасага келишибиз керек.

Бишкекте «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Ак Шумкар», «Улуттар биримдиги» партиялары жана жарандык активисттер шайлоо мыйзамдарын эки жолу талкуулашты.

Буга чейин Кыргызстанда партиялардын Жогорку Кеңешке өтүү чегин 9 пайыздан 7, 5, 3 пайызга чейин түшүрүү сунушу айтылган.

Кыргызстанда Жогорку Кеңешке улам кийинки чакырылыш шайланган сайын парламентке өтүүнүн босого чеги да көтөрүлүп баратат. 2010-жылы ал беш пайыз болсо, 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо жетиге көтөрүлгөн.

Депутаттар Жогорку Кеңешке партиялардын өтүү чегин жетиден тогуз пайызга көтөргөн мыйзам долбоорун 2017-жылы кабыл алып, ага ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул мыйзам 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. (TSh)

XS
SM
MD
LG