Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

ТИМ: Учак кырсыгында кыргыз жарандары бар же жогун тактап жатабыз


Окуя болгон жер. 27.12.2019
Окуя болгон жер. 27.12.2019

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда учак кырсыгынан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар же жогун тактап жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна мекеменин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев билдирди.

Бүгүн 27-декабрда эртең менен "Bek Air" авиакомпаниясына таандык "Fokker-100" учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй сапар алган. Бир нече убакыттан кийин Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Ичинде, баштапкы маалыматка караганда, 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Алматынын акимчилигинин соңку билдирүүсүнө караганда, каза болгондордун саны 14 адамга жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG