Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:58

Алматыдагы учак кырсыгы: Бир кыргызстандык ооруканада


Кыйраган учак. 27.12.2019
Кыйраган учак. 27.12.2019

Казакстандагы учак кырсыгынан жабыркаган бир кыргызстандык азыр ооруканада жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев билдирди.

"Башкы консулдуктун маалыматы боюнча, Кыргыз Республикасынын бир жараны ооруканада" деди ТИМ өкүлү.

Бүгүн 27-декабрда эртең менен "Bek Air" авиакомпаниясына таандык "Fokker-100" учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй сапар алган. Бир нече убакыттан кийин Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Ичинде, баштапкы маалыматка караганда, 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

Алматынын акимчилигинин соңку билдирүүсүнө караганда, каза болгондордун саны 15 адамга жетти. 66 адам ооруканада. (RK)

XS
SM
MD
LG