28-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир тоолуу райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 7…12;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -7…-12;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 9...11 градус болот.