Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:25

Маркум Сапарбек Бакыевдин сөөгү жерге берилди


Маркум Сапарбек Бакыев
Маркум Сапарбек Бакыев

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" агенттигинин мурдагы башчысы маркум Сапарбек Бакыевдин сөөгү өзү туулуп-өскөн Ош шаарынын Озгур айылында жерге берилди.

Маркумдун жаназасына вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун жардамчысы, өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов келди.

Сапарбек Бакыевди 25-декабрда үйүнүн жанынан атып кетишкен. Милиция киши өлтүрүүнүн себептерин жана версияларын айта элек. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы киши өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, териштириле баштаганын билдирген.

35 жаштагы Сапар Бакыев 2014-жылдын октябрь айынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Сел жана суу ташкындарынан коргоо" агенттигинин башчысы болуп иштеп жаткан. Маркумдун артында эки уулу калды. (MdN)

XS
SM
MD
LG