Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

ИИМ: Экстремисттик 44 сайт жана 10 аккаунт тосмолонду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда бүгүнкү күнгө карата 80 сайт экстремисттик жана террористтик мүнөздө экени аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Интернеттеги социалдык түйүндөрдө мониторинг жүргүзүлүп, 80 сайт жана 22 аккаунт ушундай багытта экени белгилүү болду.

Натыйжада соттун чечими менен 44 сайт жана 10 аккаунт тосмолонду.

Быйыл диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын жайылтууга шектүү катары 316 адам кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 850дөй киши, ал эми Ирак боюнча расмий маалымат жок. (RK)

XS
SM
MD
LG