Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 24-январь, 2020 Бишкек убактысы 06:05

Монтенегро парламенти дин эркиндиги тууралуу талаштуу мыйзам долбоорун кабыл алды


Мыйзам долбоору каралып жатканда калайман мушташ чыкты.

Монтенегродо парламент 27-декабрда "Дин тутуу эркиндиги жана диний жамааттардын укуктук абалы тууралуу" мыйзам долбоорун кабыл алды. Документти жыйынга катышкан бардык депутаттар колдоду. Анын алдында мыйзам долбооруна каршы чыгып жаткан оппозициячыл депутаттардын баары жыйындан күч менен чыгарылган жана убактылуу камакка алынган.

"Демократиялык фронт" оппозициячыл фракциясынан 36 депутат мыйзам долбооруна Серб православ чиркөөсү менен биргеликте иштеп чыккан 100дөн ашык кошумча-алымчаны киргизүүнү талап кылып жаткан. Бирок башкаруучу коалиция алардын сунушунан баш тарткан. Мындан кийин оппозициячыл депутаттар мыйзам долбоорун кабыл алууга тоскоолдук кылып, жыйында жаш агызчу газ баллон ыргытылгандан кийин калайман мушташ чыккан.

Опозициячыл депутаттардын баары жалпы жыйынга катышуу укугунан 15 күнгө ажыратылды.

Монтенегронун бир катар шаарларында дин тутуу эркиндигине байланыштуу мыйзам долбооруна каршы нааразылык акциялары өткөн. Каршылык билдиргендер бул мыйзам кабыл алынса "Серб православ чиркөөсү өз мүлкүнөн ажырап калат" деген кооптонуусун айтышкан. Анткени мыйзамда чиркөө өзүнүн жүздөгөн ыйык жайларына, мүлкүнө 1918-жылга чейин эле ээлик кылганын дадилдеши керек деген жобо киргизилген.

Мунун алдында Монтенегронун батышчыл президенти Мило Джуканович Серб православ чиркөөсүн жикчилдик боюнча айыптаган жана Сербиянын саясатын бул өлкөдө тымызын жүргүзүп жатат деп күнөөлөгөн.

Серб православ чиркөөсү Монтенегродогу ири диний уюм болуп эсептелет. Бул өлкөдө Сербиядан мындан он жылдан ашык убакыт мурун бөлүнүп кеткен.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG