Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Алматы: учак кырсыгынын болжолдуу себептери айтылды


Учакта 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү болгон.
Учакта 95 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү болгон.

Казакстандын премьер-министринин орун басары Роман Скляр бери дегенде 12 адамдын өлүмү менен аяктаган учак кырсыгы учкучтун катасынын айынан же "техникалык себептен" улам болушу мүмкүн экенин айтты. Анын айтымында, учак учуп-конуу тилкесине эки ирээт куйругу менен урунган. Скляр бул баштапкы гана божомол экенин, анык себеби техникалык экспертизада аныкталарын белгиледи.

Кырсыкта 49 адам жараат алды, алардын ичинен 18 кишинин абалы оор. Жарадар болгондордун арсында бир кыргызстандык жаран да бар экени аныкталды.

Бүгүн таңга маал Алматы аэропортунан Нур-Султан шаарына жол тарткан "Bek Air" компаниясына таандык жүргүнчү ташыган учак кыйрады. Анда 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон.

XS
SM
MD
LG