Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 09:38

Мыкты студенттерге президенттик стипендия тапшырылды


Быйыл 74 студент президенттин стипендиясына татыды. 27.12.2019

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн 27-декабрда Кыргызстандын алдыңкы студенттерине стипендия тапшырды.

Жээнбеков алар 160 миңден ашык студенттин арасынан билими, аракети менен суурулуп чыгып, сыноодо татыктуу жеңишке жеткенин белгиледи. Стипендиянын лауреаттарына өзгөчө үмүт артыларын айтты.

Президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштеги жетишкендиктери үчүн жыл сайын тапшырылат.

Быйыл жарыяланган сынактын натыйжасында республика боюнча 31 жогорку окуу жайдын 74 студенти сыйлыкка татыктуу болду. Ар бирине мактоо баракчасы жана академиялык бир жылга (10 айга) 50 000 сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG