Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Ливия Түркиядан аскердик жардам сурап расмий кайрылды


Триполи.
Триполи.

Ливия бийлиги генерал Халиф Хафтардын чабуулунун мизин кайтаруу үчүн аскердик жардам сурап, Түркияга расмий кайрылды. Мунун алдында түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Ливиядагы улуттук ынтымак өкмөтүн колдой турганын айткан жана аскер жөнөтүүгө макулдук алуу үчүн парламентке кайрылган.

Эрдоган бул өлкөдө Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын 2 миңден ашык жалданма аскери жүргөнүн айтып чыккан. Аларды "козголоңчу генералга колдоо көрсөтүп жатат" деп күнөөлөгөн.


Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путинге Ливиядагы жагдайды талкуулоону сунуштаган. Кремлдин буга жоо берип-бербегени азырынча белгисиз. Москва Ливиядагы кырдаалга орус жарандарынын тиешеси бар экенин жокко чыгарып келет.

2011-жылы жарандык согуш башталып, өлкөнүн жетекчиси Муаммар Каддафи өлтүрүлгөндөн кийин Ливиянын бир бөлүгүн парламент жана генерал Халиф Хафтардын армиясы, калган аймактарын, анын ичинде Триполини эл аралык коомчулук тааныган өкмөт көзөмөлдөйт.

Хафтарды Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Орусия колдоп келгени белгилүү.

XS
SM
MD
LG