Сириянын түндүк-батышында президент Башар Асаддын армиясынын чабуулунан чочулап эки апта ичинде 235 миңден ашуун адам турак жайын таштап, башка калка издеп кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) кабарлады.
Ушул айдын ортосунда өкмөттүк армия Идлибге сокку урууну жанданткан. Бул Ефрат дарыясынын чыгышын көздөй кеткен, сириялык оппозиция көзөмөлдөгөн акыркы аймак болчу.
Гуманитардык уюмдар соңку эки күндөгү чабуулда ондогон жайкын тургун ажал тапканын кабарлады. Провинцияда болжол менен 3 миллиондой эл жашайт.
Өкмөтчүл күчтөр Маарат-аль-Нуман шаарын алууну көздөп жатат жана Асаддын армиясы ага жетерине беш гана чакырым калды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Сирия бийлигин жана анын өнөктөштөрү - Орусия менен Иранды чабуулду токтотууга чакырды. Ал "Твиттердеги" баракчасына "Орусия, Сирия жана Иран Идлиб првинциясындагы миңдеген адамдын канын төккөнү турат. Ага барбагыла! Түркия бул согушту токтотууга баарынан көп аракет кылып жатат", - деп жазды.
Москва менен Анкаранын ортосундагы макулдашууга ылайык, Идлибде ок атылбашы керек болчу. Эки тарап тең азыр чабуулга оппозицияны күнөөлөп жатат.