Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Казакстанда учак кырсыгынан жараат алган 47 адам ооруканада жатат


Кулаган учак. Алматы. 27-декабрь, 2019-жыл
Кулаган учак. Алматы. 27-декабрь, 2019-жыл

Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыровдун 27-декабрда берген маалыматына караганда, авиакырсыктан жараат алган 47 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен сегизинин абалы оор, 38 кишинин абалы дурус деп бааланууда. Дагы бир адамдын ден соолугу канааттандырарлык.

Учак кырсыгына байланыштуу 28-декабрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. 27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Казак бийлиги кырсыктан кеминде 12 адам каза тапканын кабарлады.

Алматы аэропортунун маалыматы боюнча, 27-декабрда Нур-Султан шаарына жол тарткан «Bek Air» компаниясына таандык учак таңкы саат 7ден 5 мүнөт өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыттан соң радардан көрүнбөй калган.

Кырсыкта көз жумгандардын арасында Казакстан генералдар кеңешинин башчысы, юстициянын генерал-майору Рустем Кайдаров жана Informburo.kz порталынын редактору Дана Круглова да бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG