Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:18

Интернет басылма Магнитогорскидеги кырсык террористтик чабуул болгонун жазды


Орусия, Магнитогорск. 2-январь, 2019-жыл.
Орусия, Магнитогорск. 2-январь, 2019-жыл.

Орусиялык иликтөөчү журналисттер былтыр Магнитогорск шаарында 39 адамдын өмүрүн алган кырсык террористтик чабуул болгонун жазышты. Журналисттик иликтөө менен алектенген Baza басылмасы 27-декабрда бул боюнча 40 мүнөттүк иликтөө материалын жарыялады.

Кырсыктан кийинки бир жыл тууралуу сөз болгон иликтөөдө Магнитогорск шаарындагы кабат үйдү бери дегенде үч киши жардырганы айтылат. Бирок бул ишке барууга эмне түрткү бергени такталган эмес.

2018-жылдын 31-декабрында Магнитогорскиде он кабаттуу үйдө подьезд толугу менен урап түшкөн. 35 батир толугу менен, 10 батир жарым-жартылай бузулган. Расмий маалымат боюнча кырсыкка газ түтүгүнүн жарылышы себеп болгон.

Ага чейин «Ислам мамлекети» террордук тобу бул атайын даярдалган жардыруу болгонун айтып чыккан. Орусиянын Тергөө комитети окуя болгон жерден жардыргыч зат табылбаганын жарыялаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG