Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

«Газпром» Украинага 2,9 млрд. доллар төлөп берди


Стокгольмдогу Арбитраждык соттун чечимине ылайык Орусиянын «Газпром» компаниясы Украинанын «Нафтогаз» ишканасына 2,9 млрд. доллар төлөп берди. Бул тууралуу «Интерфакс» агенттиги жазды.

Бул 20-декабрда Минскидеги жолугушууда жетишилген макулдашууга ылайык ишке ашты. «Нафтогаздын» аткаруучу директору Юрий Витренко каражат которулганын «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Жөнгө салуу макулдашуусунда алдыда жаңы дооматтарды болтурбоо, чечим чыга элек арбитраждык жана соттук даттануулардан баш тартуу, Стокгольм арбитражынын чечимин ишке ашыруу каралган.

2018-жылы 28-февралда Стокгольмдогу Арбитраждык сот Орусиянын «Газпром» жана Украинанын «Нафтогаз» ишканаларынын төрт жылдан берки талашына чекит коюп, «Газпромду» украиналыктарга 4,6 млрд. доллар кенемте төлөөгө милдеттендирген.

«Нафтогаз» «макулдашылган көлөмдө Украина аркылуу газ өткөрбөгөнү үчүн «Газпром» кенемте төлөшү керек, транзит үчүн өтө аз акы төлөп жатат» деп сотко кайрылган.

2014-жылдын июнь айында «Газпром» менен «Нафтогаз» бири-бирин айыптап, миллиарддаган долларга доо коюп, коммерциялык чырларды териштирген эл аралык сотко кайрылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG