Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:28

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 530 млн. долларга жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 31-октябрга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд. 530 млн. долларга жетти. Бул ушул жылдын болжолдуу ички дүң өнүмүнүн 52,7 пайызын түздү.

Мунун ичинен 3 млрд. 793 млн. доллар тышкы карыз. Ал эми 737 млн. доллар ички карыз.

Сырттан алынган карыздын эң көбү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына («Эксимбанк») туура келет. Кыргызстан «Эксимбанкка» 1,7 млрд. доллар карыз.

Ушул жылдын октябрында мамлекеттин тышкы жана ички карызын төлөөгө республикалык бюджеттен 34, 55 млн. доллар жумшалды. (BTo)

XS
SM
MD
LG