Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:43

Спортчуну атканы айтылган Саркарбаев «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» болду


Таалайбек Сарыбашов, Кылыч Саркарбаев жана Жапар Ормонов. (солдон оңго)
Таалайбек Сарыбашов, Кылыч Саркарбаев жана Жапар Ормонов. (солдон оңго)

Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Кылыч Саркарбаев 27-декабрда Оштун мэринин жаштар үчүн уюштурган жаңы жылдык кечесинде «Жылдын мыкты жаш жетекчиси» наамын алды. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында Саркарбаевге бул наам Инстаграм жана Фейсбук колдонуучулары берген добуштун негизинде ыйгарылды. Жыл мыктылары сынагын шаардык мэриянын Жаштар иштери боюнча комитети уюштурган.

- Биз тараптан бир да адам сунушталган жок. Мисалы, «Мыкты жаш жетекчини комментарийге сунуштаңыз» деген гана билдирүү болгон. Ошонун ичинен эң көп сунушталган Кылыч Саркарбаев болду. Бир эле Инстаграмда 1500 комментарий жазылган, — деди Абсаттаров.

Ош облустук милициясы «Саркарбаев ушул жылдын 22-сентябрында Ош шаарына жакын Фуркат айылында мурдагы милиция кызматкери, эрежесиз мушташ чебери Төлөгөн Рахманберди уулун аткан» деп маалымат тараткан. Кийин Рахманберди уулу өзүн-өзү атып алганын айтып чыккан. Бул иш сотко чейинки өндүрүшкө алынып, териштирүү жүрүүдө.

Көп өтпөй Саркарбаев «Женго» каймана аты менен таанымал, кылмыштуу топтун мүчөсү катары айтылып жүргөн Кадыр Досонов менен Ош шаардык убактылуу кармоочу жайында жанаша басып бара жаткан видео тараган. Мекеменин маалымат кызматы видео 2015-жылы тартылышы мүмкүн деп божомолдогон.

Кылыч Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетин 2015-жылдан бери башкарып келет.

XS
SM
MD
LG