Нарын облусунда жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 29-декабрь күнү саат 15:13тө Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жердин титиреши Ак-Талаа районунун Үгүт, Жаңы-Тилек, Байгөнчөк айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн эч ким жабыркап, эч нерсе кыйраган жок. (RK)