Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:25

Мэрия: Таштанды төгүүчү полигондун курулушу 60% аяктап калды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин сыртында таштанды төгүүчү полигон куруу иштери 60 процент аяктап калды. Бул тууралуу борбор калаанын вице-мэри Мирлан Амантуров билдирди.

Амантуровдун белгилешинче, полигон пайдаланууга келерки жылы берилет:

- Полигон 60 процент бүтүп калды. Сорттоочу завод март айында башталат. 2020-жылдын декабрында сорттоочу завод менен жаңы полигон ишке кирет.

Вице-мэрдин айтымында, таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу боюнча да аракет көрүлүп жатат. Инвестор изделүүдө. Бүгүнкү күндө алты компания менен сүйлөшүү жүрүп жатканы белгилүү болду. (RK)

XS
SM
MD
LG