Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 12:30

Майрам күндөрү 10 миң милиционер күчөтүлгөн тартипте иштейт


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда милиция органдары Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу бүгүнтөн тарта күчөтүлгөн тартипте иштей баштады.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, мындай тартип 1-январга чейин уланат.

Максат - коомдук тартипти сактоо жана элдин коопсуздугун камсыз кылуу.

Жалпысынан республика боюнча 10 миң ички иштер кызматкери тартипти сактоо иштерине тартылат.

Борбор калаа Бишкекте 2 миң милиционер иштейт. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG