Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Орусия: 60 миңдей кыргыз жараны мигранттардын "кара тизмесинде"


Москва.

Орусиянын Федералдык миграция кызматынын «кара тизмесинде» бүгүнкү күндө 60 миңдей кыргызстандык бар.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев билдиргенин 30-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттиги кабарлады.

Эки жыл мурда, Имангазиевдин белгилешинче, бул сан 100 миң адам болчу.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, каттоосуз жашап, иштеген, убактылуу жашаган жери менен документте көрсөтүлгөн жайы дал келбеген жана башка эрежелерди бузган чет элдиктер «кара тизмеге» илинет. Алар депортацияланып, беш жылга чейин Орусияга киришине тыюу салынат.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов бул өлкөдө 1 миллион 200 миң кыргызстандык бар экенин июлда «Азаттыкка» билдирип, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алганын айткан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG