Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 18-январь, 2020 Бишкек убактысы 01:51

Футбол борбору Арча-Бешик конушунда курулат


Футбол борборунун макети.

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) берип жаткан грантка Футбол борбору Арча-Бешик жаңы конушунда курулат. Мындай билдирүүнү бүгүн Кыргызстандын Футбол федерациясы таратты.

Федерациянын маалыматына ылайык, Футбол борбору курула турган жер тилкеси шаардын түштүк-батыш тарабындагы А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан жана жер тилкесин бөлүп берүү келишими федерация менен Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде кабыл алынганы жазылган.

Буга чейин аталган маселе Бишкек шаардык кеңешинде үч жолу жылдырылган.

Бишкек мэриясы шаардык кеңештин токтомуна ылайык жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланганын, ушундан улам шаар мэри жер тилкелерин жана муниципалдык мүлктү өзүмбилемдик жолу менен берүүгө укугу жок экенин билдирген. Мындан улам депутаттар сессияны 2020-жылдын 14-январына жылдырып коюшту.

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов Футбол борборун куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү маселесинен улам жаралган кырдаал боюнча билдирүү таратып, буларды айтты:

- 2018-жылы Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык баш калаада жер тилкелерин берүүгө мораторий жарыяланган. Мен шаар мэри болуп шайлангандан бери мэрия тарабынан жеке менчик түзүмдөргө жер бөлүп берүүгө тыюу салынган. Юстиция министрлигинин тактамасына ылайык Футбол федерациясы жеке менчик түзүм болуп саналат. Эгер биз бул уюмга жер бөлүп берсек, мыйзамды бузган болобуз, - деди Суракматов.

Суракматов ФИФА (FIFA) бөлгөн 10 миллион долларлык грантка Футбол федерациясы эч кандай тактама бербегенин да кошумчалады.

26-декабрда Кыргызстандын Футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев Бишкекте Футбол борборун куруу маселеси шаардык кеңеште чечилбесе, улуттук курама баш калаада ойноодон баш тарта турганын билдирген. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG