Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Алматы: учак кырсыгына байланыштуу дагы бир версия айтылды


Алматы аэропортунун жанындагы кырсык болгон аймак, 27-декабрь 2019-жыл.
Алматы аэропортунун жанындагы кырсык болгон аймак, 27-декабрь 2019-жыл.

Казакстандын Ички иштер министрлиги "Bek Air" компаниясына тиешелүү "Fokker-100" учагынын кыйрашына байланыштуу дагы бир версияны атады. Министр Ерлан Тургумбаевдин айтымында, кырсыкка навигациялык кызматтардын ишиндеги катачылык да себеп болушу мүмкүн.

Буга чейин казак бийлиги экипаждын катасы жана техникалык мүчүлүштүктөр учактын кыйрашына алып келиши мүмкүндүгүн билдирген.

27-декабрда таңга маал Алматы шаарынын жанына кулаган учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Кырсыктан кеминде 12 адам каза таап, 40тан ашык киши жаракат алган.

Казакстандын Ички иштер министрлиги кырсык боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын жарыялаган. Кырсыкты иликтөө иштерине Эл аралык авиация комитетинин өкүлдөрү катышып жатат.

XS
SM
MD
LG