Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:14

Европа лидерлери Украинадагы туткун алмашууну кубатташты


Жикчилдердин туткунунан бошотулгандарды Киевде украин президенти Владимир Зеленский өзү тосуп алды, 29-декабрь 2019-жыл.
Жикчилдердин туткунунан бошотулгандарды Киевде украин президенти Владимир Зеленский өзү тосуп алды, 29-декабрь 2019-жыл.

Европанын лидерлери украин тарап менен орусиячыл жикчилдердин туткундарды алмашканын кубатташты. Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркел 29-декабрдагы биргелешкен билдирүүсүндө Украинада "көптөн бери күтүлгөн гуманитардык жараян" ишке ашканын белгилешти. Эки лидер эми Украинанын чыгышында ок атышууну толугу менен токтотуу зарылдыгын кошумчалашты.

Европа Биримдигинин тышкы иштер мекемеси 9-декабрда Парижде өткөн "Норманд төрттүгү" форматындагы сүйлөшүүлөрдө макулдашылган жоболордун бири аткарылганын кубаттап, тараптарды калган жоболорду да ишке ашырууга үндөдү.

29-декабрда Киев менен өздөрүн «Донецк жана Луганск элдик республикалары» деп атап алган жикчилдер 200 туткунду алмашты. Донецктин жикчилдер көзөмөлдөгөн Горловка шаарчасынын четиндеги текшерүү пунктунда украин тарап 124, жикчил күчтөр 76 туткунду өткөрүп беришти. Бошотулгандардын арасында аскердик кызматкерлер, жөн-жай тургундар, "Эркин Европа / Азаттык" радиосунун эки журналисти жана 2014-жылы Майданда элге ок атты деп айыпталган атайын багыттагы “Беркут” бөлүгүнүн да аскерлери бар.

XS
SM
MD
LG