Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Равшан Жээнбеков: Демократтар биригип, кеңири коалиция куруубуз зарыл


Равшан Жээнбеков. Архивдик сүрөт.
Равшан Жээнбеков. Архивдик сүрөт.

Камактагы саясатчы Равшан Жээнбеков пикирлештерин биригип, кеңири коалиция курууга чакырды.

30-декабрда ал кайрылуу жолдоп, “Демократтар азчылык болгондуктан биз да биригүүбүз, кеңири коалиция куруубуз зарыл” деди.

Саясатчынын пикиринде, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо алдында бийлик “олигархиялык жана жалган демократиялык партиялардан турган ыңгайлуу парламентти куроого далбас урат”.

Ошондуктан, Жээнбеков белгилегендей, “демократтар парламенттик шайлоого таасир көрсөтө алышы үчүн мурда-кийинки жеке таарынычтарды жана талаптарды четке сүрө туруганы туура болот”.

Равшан Жээнбековду 12-декабрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) кармаган. Ага Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 264-беренеси («Массалык башаламандык уюштуруу») боюнча айып коюлган. 14-декабрда буга дагы бир берене 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу”) кошулганы кабарланды.

Ал 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн буга чейин да ИИМге суракка чакыртылган.

Жээнбековдун тарапкерлери Жээнбеков Кой-Ташта мыйзам бузбай, арачы болуп жүргөнүн белгилеп жатышат.

26-декабрда Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртпөй, Жээнбековду 9-февралга чейин камакта калтырды. (RK)

XS
SM
MD
LG