Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:51

Президент Жогорку соттун судьялыгына сунушталган талапкерди артка кайтарды


Жогорку соттун имараты.
Жогорку соттун имараты.

Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү сотторго 17 судьяны дайындап, Жогорку соттун судьялыгына сунуш кылынган бир талапкерди артка кайтарды.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, Жээнбеков 27-декабрда айрым талапкерлер менен маектешип, жыйынтыгында Судьяларды тандоо кеңеши сунуш кылган 17 талапкерди Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын жергиликтүү сотторуна судья кылып дайындады.

Өлкө башчы Жогорку соттун судьялыгына көрсөтүлгөн бир талапкер боюнча мамлекеттик органдардан алынган маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, аны судья кылып дайындоодон баш тартты. Судьяларды тандоо кеңешине кайра кайтарылган талапкердин аты айтылган жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG