Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 15:26

Баткен жана Согди облустарынын башчылары чек арада жолукту


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода чек ара аймагында жолукту.

Иш-чарага Баткен жана Тажикстандын Согди облустарынын чек арага жакын район, шаарлардын башчылары, күч кызмат жетекчилери жана аксакалдар, жаштар катышты.

Аксакалдар чай үстүндө баарлашып, чек аралаш аймактарда катталып жаткан чыр-чатактарды жоюу, алдын алуу, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, карым-катнашты чыңдоо боюнча макулдашты.

Акыркы жолу 18-декабрда Баткен районунун Көк-Таш айылында чек арада жаңжал чыккан. Анда кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алган. Анын ичинде Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички аскеринин бир кызматкерине жана Баткендин Самаркандек айылдык кеңешинин депутатына ок тийген. Жараат алгандардын арасында үч милиция кызматкери жана бир жайкын тургун бар. (MdN)

XS
SM
MD
LG