Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Бишкек: Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөөгө эки миңдей милиционер киришти

Бишкек. Ала-Тоо аянты.
Бишкек. Ала-Тоо аянты.

Жаңы жылды майрамдоо түнү Бишкекте коомдук тартипти эки миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөйт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Негизги майрамдык иш-чара Ала-Тоо аянтында өтөт. Эстрада жылдыздарынын концерти болот.

Концерт аяктагандан кийин коомдук автотранспорт түнкү саат 2ге чейин иштейт. Троллейбустар сегиз багыт боюнча каттамдарды кечки саат 10до башташат.

Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара аяктаганча “Тез жардам” жана өрткө каршы кызмат күзөттө болот. Ошол эле жерде 20 биотуалет орнотулат.

«Тазалык», «Бишкекжарык» бригадалары кызматта болот. (RK)

XS
SM
MD
LG