Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Москва менен Киев жаңы газ келишимине кол койду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Москва менен Киев орус газынын Европага транзити боюнча 7 миллиард долларга бааланган беш жылдык келишимге кол койду. Жаңы мунаса мурдагы макулдашуу бүтөрүнө бир күн калганда же 30-декабрдын кечинде табылганын Орусия менен Украинанын мамлекеттик газ компаниялары жана украин президенти Владимир Зеленский да ырастады. Эгер келишимге кол коюлбаса, кыш күчүндө турган учурда Орусиянын газы Европага жетпей калмак.

Буга чейин Москва бир жыл ичинде Европага саткан 200 миллиард куб метрлик көгүлтүр отундун 40 пайызы Украинадагы газ куурлары аркылуу өтүп турчу. Жаңы келишимге ылайык, 2020-жылы Украинанын аймагы аркылуу кеминде 65 миллиард куб метрлик газ Европага жөнөтүлөт. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 22 миллиард куб метрге аздык кылат. 2021-2024-жылдары транзит катары Украинага жөнөтүлгөн газдын көлөмү 40 миллиард куб метрге чейин кыскарат.

Жаңы макулдашууда белгиленгендей, Орусия жетиштүү көлөмдөгү газды Европа тарапка жөнөтө албай калса да Украинага минималдуу транзит акысын төлөп турушу зарыл.

XS
SM
MD
LG