Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Мамкаттоо: Машинени жеңилдетилген шартта каттоо 21-январда аяктайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматы сырттан ташылып келген машинени жеңилдетилген шартта каттоого берилүүчү 10 күндүк мөөнөт 8-январдан тартып эсептелерин эскертти.

Мекеме 31-декабрда тараткан маалыматта машине сатып алууда же кайра каттоого алып келген жагдай чыккан учурдан тартып 10 жумуш күнүнүн ичинде каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү керек экендиги айтылат.

2020-жылдын 1-7-январы Кыргызстанда дем алуу күндөрү деп жарыяланган.

2019-жылдын акыркы күндөрү (30-31-декабрь) алынып келинген транспорт каражаттары 2020-жылдын он иш күнүндө катталат. Мыйзамда көрсөтүлгөн 10 күндүк мөөнөт 2020-жылдын 8 январынан тартып саналат.

Ортодогу ишемби, жекшемби күндөрдү эсепке албаганда акыркы мөөнөт 21-январь болот.

Белгилүү болгондой, 2019-жылдын 31-декабрында жеке адамдар жеке пайдалануу үчүн ЕАЭБге мүчө эмес үчүнчү өлкөлөрдөн алып келген транспорт каражаттарына карата жеңилдетилген бажы алымдарынын мезгили аяктайт. (RK)

XS
SM
MD
LG