Иран соңку эки жыл ичинде АКШнын санкцияларынан улам 200 миллиард доллардай киреше жана инвестициядан кол жууду. Бул тууралуу Ирандын президенти Хасан Роухани 31-декабрда Тегерандын чекесиндеги жаңы темир жол долбоорун баштоо аземинде билдирди. Ал бул иш-чарада Ирандагы президентти сындап жаткан күчтөргө да жооп кайтарды.
“Биз эмне кылышыбыз керек? Тамак-аш, суук жок болсо, канчалык күчтүү болсоң да сен коркунучтуу абалдасың”, - деди Роухани.
Былтыр май айында президент Дональд Трамп АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимден чыкканын жарыялап, андан көп өтпөй Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген.
2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Ислам Республикасына салынган эл аралык санкциялар алынышы керек болчу.