Бишкекте Ала-Тоо аянтында Жаңы жылдык майрамдан кийин үч тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу «Тазалык» ишканасы билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, аянтты тазалоо иштерине 60 кызматкер жана беш атайын техника тартылды. Таштанды үчүн борбордук аянтка 30 контейнер коюлган.
Негизги майрамдык иш-чара Ала-Тоо аянтында өтүп, эстрада ырчыларынын концерти болду. Ал аяктаганча «Тез жардам» жана өрткө каршы кызмат күзөттө турду.
Ал эми Жаңы жыл түнү Бишкекте коомдук тартипти эки миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөдү. (BTo)